Мурдагы президенттердин жолугушуусу боюнча Курманбек Бакиев үн катты

Апрель окуясында бийликтен куулган Курманбек Бакиев телефон аркылуу NazarNews маалымат агенттигине Дубайда 17-февралда өткөн Кыргызстандын азыркы жана мурдагы президенттеринин жолугушуусу тууралуу берген маеги менен бөлүштү.

“Сөзсүз түрдө оң баалайм. Бул демилге анын саясатчы катары жетилгенин көрсөтөт, биздин мамлекет үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө үчүн дагы азыркы опурталдуу абалда ал коомду ынтымакка келтирүүнү көздөп жатат, ал жолугушууда Садыр Жапаровдун өзүнүн жеке кызыкчылыгы болгон эмес. Бардык маселелер менен байланыштуу ал мурдагы президенттерди туш келди күнөөлөп-сындап, популизм жолун тандап алса болмок, бирок Жапаров оңой эмес, анткен менен туура жол тандады жана бул – анын адам катары дагы, саясий жактан да өскөнүн көрсөтөт”, — деди ал.

Ал журналисттин “жолугушуу чындыгында кандай өттү, анткени анын ар башка катышуучусу ар башка маалымат берип жатат” дегенине “Жалпысынан алганда, жолугушуу тынч эле өттү, ага катышкандын баары Садыр Жапаровдун демилгесин колдоого алды жана жыйынтыгында – жеке араздашууларды четке чыгарып, элдин биримдиги үчүн тигил – муну, бул – тигини колдогон адам деп элди бөлүп-жарууну токтотуп, иштин мазмундуулугу тууралуу ойлош керек деген чечимге келдик. 

Мындай форматтагы жолугушуу мен үчүн эле эмес, бардыгыбыз үчүн күтүүсүз болду. Анткени жолугушууга келгендердин биринчи реакциясынан эле байкалып турду. Атамбаевдин сөздөрүнө анын басма сөз катчысы комментарий берсин, жыйындын башка катышуучулары деле айтпадыбы – баарыбыз аягына чейин отурдук, жеп-ичтик деп. Атамбаевге сөз тийгенде, ал деле Жапаровдун демилгесин колдоду. Бирок бир нече рюмка алгандан кийин ал өз сөздөрүнө ээ болбой калды. Мен ага ал тууралуу акырын айтып койдум эле, ал дааратканага барам деген шылтоо менен чыгып кетти.

2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте жана андан кийин июнда түштүктө курман болгондордун өлүмүнө ким күнөөлүү экенинин акы-чүкүсүн мен азыр талдагым келбейт, бирок анда менин күнөөм такыр жок. Ушул жана башка аны менен байланышкан маселелер боюнча тергөө же сот иштерине катышууга даярмын деп мен мурда эле бир нече жолу айткам”, — деп жооп берген ал.

18-февралда президент Садыр Жапаров жаңы пост жазып, мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго олтургузганынжазган. 19-февралда Алмазбек Атамбаевсоциалдык тармактагы баракчасында жолугушуу боюнча үн катып, аягында эч ким менен коштошпой чыгып кеткенин жазган.