Мурдагы вице-премьер Аида Исмаилова Финполго суракка чакырылат

Мурдагы вице-премьер Аида Исмаилова Финполго суракка чакырылат. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Сыймык Жапыкеев билдирди.

Анын айтымында, пандемия учурундагы жоготуулар жана сырттан келген гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча мурдагы аткаминерлердин баары суралат. “Коронавирус илдетине даярдык жана аталган ооруга каршы күрөшүүдөн турган эки башка иш иликтенип жатат. Маселе жетекчиликтин көзөмөлүндө турат, азыр аудит жүрүүдө. Ал бүткөн соң, күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин карап баштайбыз. Менимче, жыйынтыгы бир айдын ичинде белгилүү болуп калат”, — деди Жапыкеев.

Буга чейин мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев камакка алынып, экс-премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев менен Кубатбек Боронов сурак берген. Булардан тышкары экс-вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, мурдагы саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, мурдагы финансы министри Бактыгүл Жээнбаева да суракка чакырылары маалымдалган болчу.