Өз округунда жеңишке жеткен депутаттыкка талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев Боршайкомдун чечимин сотко берерин билдирди. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасында жарыялады.
27-февралда өткөн кайра шайлоодо Абдурахманхаджи Муртазалиев Свердлов округу боюнча шайлоочулардын 19,52 пайызынын колдоосуна ээ болгон эле.
Кечээ, 9-мартта БШК анын каттоосун жокко чыгарган чечим кабыл алды. Анда ИИМдин өкүлдөрү добуш сатып алууга шектелип жаткан агитаторлордун талапкер менен байланышта болгон фактысы далилденип, кылмыш иши козголгонун билдиришти. 21-февралда Бишкекте эки аял 210 миң сом менен кармалганы маалымдалган болчу.