Муртазалиев БШКнын чечимин сотко берерин айтты. Кечээ анын жеңиши жокко чыгарылган

Өз округунда жеңишке жеткен депутаттыкка талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев Боршайкомдун чечимин сотко берерин билдирди. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасында жарыялады.


27-февралда өткөн кайра шайлоодо Абдурахманхаджи Муртазалиев Свердлов округу боюнча шайлоочулардын 19,52 пайызынын колдоосуна ээ болгон эле.

Кечээ, 9-мартта БШК анын каттоосун жокко чыгарган чечим кабыл алды. Анда ИИМдин өкүлдөрү добуш сатып алууга шектелип жаткан агитаторлордун талапкер менен байланышта болгон фактысы далилденип, кылмыш иши козголгонун билдиришти. 21-февралда Бишкекте эки аял 210 миң сом менен кармалганы маалымдалган болчу.