Мурдагы вице-премьер Аида Исмаилова сурактан чыкты

Мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова Финполго коронавирус учурунда жол берилген алешемдиктер тууралуу күбө катары сурак берип чыкты.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ал өзүн бул иште жооптуу деп эсептебей турганын, пандемия учурунда гана эмес, негизи эле өлкөдө саламаттыкты сактоо тармагы начар экенин белгиледи.

“Күбө катары суралдым. Пандемия учурундагы өлкөдөгү абал серепчилер тарабынан тыкыр талданып, баа берилиши керек. Биз колубуздан келген бардык аракетти жасадык. Азыр дүйнө жүзү да бул вирус менен күрөшүүдө алсыз болуп жатат”, — деди Исмаилова.