«Мурункулардын катасын кайталабайм». Президент Министрлер кабинетинин төрагалыгына Жапаровду сунуштаган себебин айтты

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу “Министрлер Кабинети жөнүндө” мыйзам боюнча үн катты. Ал Министрлер кабинетинин төрагалыгына Акылбек Жапаровду сунуштаганын да кошумчалады. Ошондой эле Акылбек Жапаровдун бул кызматка келгенден кийин берген убадасын аткарарын айтты.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Мен көптөн бери Жогорку Кеңеште талкууланып келе жаткан “Министрлер Кабинети жөнүндө” мыйзамга кечээ кол койдум, ал күчүнө кирди. Убакытты создуктурбай, дароо эле Министрлер кабинетинин жаңы курамына талапкерлерди Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңешке макулдашууга жөнөттүм. Айрым министрликтерге жаңы кишилер сунушталды. Февраль айынан бери ким кандай иштеп жатканын баамдап келе жатам. Эми мындан ары туруктуу, стабилдүү өкмөт иштеп баштайт. Өкмөт башчысы алмашат. Ага Акылбек Жапаровду сунуштадым. Эмне себептен алмаштырды деген суроолор жаралат. Ар бир мамлекеттин эң негизги көйгөйү – казынаны толтуруу. Казына көбөйсө, элдин жашоосу жакшырат, пенсия, жөлөк пул, эмгек акы көтөрүлөт, инфраструктура жана башка тармактар жакшырат. Мына ошондо гана күчтүү мамлекет боло алабыз.

Биз Акылбек Жапаров менен макулдашып, келиштик. “Быйыл казынаны 280 миллиард сом менен жапсам, эмдиги жылы 400 миллиард сомго жакындатам” деп сөз берди. Эгер ага жеткире албаса, анда чара көрөм. Ошондуктан ал кишини азырынча сындабай, өкмөт башына коюп, убакыт берели. Анын мурдагы ишмердиги кандай болгонуна баа берип, “ичкен-жеген” деп сындап жаткан жарандарга айтарым, менин убагымда анын ар бир баскан-турган кадамы, кыймыл-аракети толук жеке көзөмөлүмдө болот. Анын иштерин текшерип турганга күчүм да, убактым да жетет. Эң негизгиси өзүм таза болсом баары таза болот. Өзүм казынага кол салсам, анда баары ага кол сала башташат. Мен мурункулардын катасын кайталабайм. Менин көзөмөлүмдүн астында “Кумтөр” маселесин бүтүрдү. Быйылкы бюджетти турукташтырды. Казынага 24 миллиард сом кошумча акча түштү. Жетим-жесирлердин жөлөкпулдарын 100 пайызга чейин көтөрүп жатабыз. Ошондой эле Туруктуулук фонду түзүлүп жатат. Жана башка бир далай иштерди аягына чыгарды. Алдыда дагы бир топ иштер бар. Ошон үчүн убакыт берели. Ал эми Улукбек Асамидинович да жаман иштеген жок. Жакшы иштеди. Жаш кадр. Оор мезгилде кыйынчылыктарды бирге басып өттүк. Тажрыйба топтоду. Анын келечеги алдыда», — деп жазды ал.