Музейди оңдоп-түзөө иштерине канча акча сарпталган? Депутаттар Тарых музейинин абалы менен таанышты

Жогорку Кеңештин Coциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети көчмө жыйын өткөрдү. Көчмө жыйын Мамлекеттик тарых музейинде болду.

Жыйында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев музейди оӊдоп-түзөө иштери, сыртына, ичине кеткен каражаттар тууралуу баяндама жасады. Анын айтымында музей 2016-жылдын 25-майында жабылган. Музейди реконструкциялоого мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүнгөн. Андан тышкары, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) калыбына келтирүү иштерине 15 миллион доллар бөлгөн, ал имараттын сырткы бетин гана  ишке ашыруу жумуштарына жумшалган.

Ошондой эле Тарых музейинин «Vitrinen-und Glasbau REIER» деген немис компаниясына 225 миӊ евро карызы бар. Ал компания музейге эмерек, жабдуу, экспонаттарды койгон. Музейде баары электрондук башкарууга толугу менен өткөрүлгөн. Учурда алардын программаларынын ачкычтары жогоруда аталган компанияда. Музей акчасы төлөнгөндөн кийин иштей баштары айтылды.

Эл өкүлдөрү реконструкциялоо иштери 5 жылдан бери бүтпөгөн тарыхый мекемени ушул жылдын 31-августунда, тактап айтканда, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата ишке киргизүүнү белгилешти. Комитет кийинки отурумга Тарых музейин оӊдоого катыштыгы бар бардык кызмат адамдарын жана ТИКА компаниясынын өкүлдөрүн чакырып жыйында чогуу талкуулоо чечимине келди.