«Мыйзам долбоор даярдалып жатат». Депутат герб, гимн, желекти алмаштыруу керектигин айтты

Депутат Арсланбек Малиев Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын мамлекеттик символдорун алмаштыруу керектигин айтты.

«Герб — жөн эле татынакай сүрөт. Тарыхка кайрылсак, эн тамгалар бар. Ошол боюнча мыйзам даярдап жатабыз. Желек боюнча да, азыркы кызыл желекти Советтик парламент кабыл алып берген. Нукура желек көк түстө болгон. Гимнге татыктуу обондор бар. Мисалы, «Кыргыз жери» деген. Автор менен сөздөрүн өзгөртсөк болот», — деди ал.