Абактан бошотулган Жогорку Соттун судьясы боюнча депутат Дастан Бекешев үн катты

Жогорку Соттун судьясы Камил Осмоналиевдин чыгарган чечимдерин адилетсиз деп эсептеген адам жаңы жагдайлардын негизинде иштерди кайра кароону талап кылууга укуктуу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, сот өзүнүн чыгарган чечимдеринин негизинде мыйзамсыз байыган болушу мүмкүн.

Жогорку Соттун судьясы Камил Осмоналиев күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 70 миллион сом төлөп берди. Ал дагы 40 миллион сом төгүүгө милдеттендирилди. Сот мыйзамсыз баюу боюнча айып тагып жатат.

Бул депутат эмес, сот. Ал соттун чечими менен байый алмак. Андан тышкары, бул чечимдер акыркы жана даттанууга жатпайт. Камил Осмоналиевдин катышуусунда чыгарылган Жогорку Соттун чечимдерин адилетсиз деп эсептеген адам жаңы ачылган жагдайлардын негизинде иштерди кайра кароону талап кылууга укуктуу. Талап!”, — деп жазды ал.

Жогорку Соттун судьясы Камил Осмоналиев мыйзамсыз баюуга шектелип 15-декабрда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалган. Биринчи Май райондук сотунда анын бөгөт чарасы каралып, соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Ал эми 20-мартта ошол эле райондук сотунун чечими менен Камил Осмоналиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Маалыматка ылайык, Осмоналиевдин баш коргоо чарасы мамлекетке келтирилген зыяндын бир бөлүгүн төлөп бергенине байланыштуу өзгөртүлүп, өлкөдөн сыртка чыкпоо чарасына алмаштырылган.