Мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган судья өзүн кызматтан бошотуусун суранды

Мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган Жогорку Соттун судьясы Камил Осмоналиев өзүн кызматтан убактылуу бошотуусун суранды. Ал мындай кадамын иликтөө иштеринин бейтарап жана калыс жүрүшү керектиги менен түшүндүргөн. Комиссия анын арызына макулдук берип, тийиштүү сунушту президенттин милдетин аткаруучусуна жөнөтөт.

УКМКнын маалыматы боюнча, Камил Осмоналиев тийиштүү киреше булагы жок көп сандагы мүлк сатып алган. Анын ичинде VIP-шаарчадагы элиталык үй, кымбат баалуу көп кабаттуу үйлөрдөн батирлер, коттедждер, соода түйүндөрүндөгү коммерциялык жайлар, люкс-класстагы унаалар жана башка байлыктары бар.

«Андан тышкары, судья Камил Осмоналиевдин жана анын жакын туугандарынын Бириккен Араб Эмирликтери, Түркия, Азия өлкөлөрү жана АКШнын курорттук аймактарына бат-баттан саякаттап барганы аныкталды. Судья Максим Бакиевдин үй-бүлөсүнө таандык болгон мүлктүн бир бөлүгүн улутташтыруу тууралуу Утурумдук өкмөттүн декретин өз чечими менен жокко чыгарган. Анын мындай чечими мамлекеттин кызыкчылыктарына миллиондогон зыян тийгизген», — деп жазылат маалыматта.