Мыктыбек Абдылдаев: «Жаңы Конституцияны караганга парламенттин укугу барбы?»

Бүгүн, 2-мартта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында жаңы Баш мыйзамдын долбоору каралууда.

Жыйында депутат, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Бактыбек Турусбеков Конституциянын долбоору боюнча баяндама жасады. Сөзүн жыйынтыктап талкууга алынганда депутат Мыктыбек Абдылдаев “Жаңы Конституцияны караганга парламенттин укугу барбы” деген суроо салды. “Биз мыйзамдарды кабыл алуучу органбыз. Ошондуктан Конституциялык кеңешмеге жана 80 депутатка Баш мыйзамдын жаңы долбоорун референдумга алып чыгууну сунуштайм. Эгерде туура эмес айтып жатсам, Конституциянын авторлору чыгып айтсын”, — деди эл өкүлү.

Учурда талкуу суроо-жооп иретинде улантылууда.