Мүлккө мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоору добуш берүүдөн алып салынгандан кийин Балбак Түлөбаев жыйындар залынан чыгып кетти

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” жана “Кыргызстандын айрым мыйзам актыларына мүлктү ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү жаатындагы өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлоруна добуш беришти.

Депутаттар Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев кайрадан добуш бербей, добуш берүүнүн жүрүшүнө нааразылык билдиришти. Масалиев кокустан кетип баратып, добушка койгон туура эмес экенин айтты. «Боло берет деген болбойт. Талкуу болуп жатканда, мага өкмөт башчысы коррупционерлер туш келберин айткан. Мыйзамды карасак, баары туш келип, баары кечирилет экен. Ошол үчүн акция катарында добуш бербейм», — деди ал.

Ал эми Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов эки депутаттын нааразычылыгынан улам маселени добуш берүүдөн алып салууну суранды.

Депутат Балбак Түлөбаев буга нааразы болду. «Эки депутаттын айынан азыр мыйзам долбоорун добуш берүүдөн алып салып жатасыңар. Бул уят. Бул иштеген, добуш берген башка депутаттарды сыйлабагандык. Эки депутаттын айынан азыр алып салып жатасыңар, анан такыр эле мыйзам долбоорлорун алып келбегиле», — деди ал. Мунун баарын айтып, депутат компьютерин жаап, жыйындар залынан чыгып кетти.