«Мындай пастыкка барба». Жылдызкан Жолдошова Садыр Жапаровго эскертүү берди

Экс-депутат Жылдызкан Жолдошова Жер-Үй, «Камбар-Ата-1» ГЭСи боюнча айткан сөздөрү үчүн президенттик аппаратта иштеген уулун жумуштан айдап салышканын айтты. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасында билдирди.

«2010-жылдан баштап Садыр Жапаровдун башынан кандай оор күндөр өтпөсүн, мен жанында болдум. Ошондой эле «Ата Журт» партиясынын башка мүчөлөрүнүн тагдырына да катуу көңүл бурдум. Бирөөсүн саткан жокмун, таштабадым, колуман келишинче колдоп келдим. Эч кимге милдет да кылган жокмун, кылбайм дагы.

2010-жылдан бери менин үй-бүлөм да куугунтук көрүп келет. Балдарымды, жолдошумду ээлеген кызматтарынан бошотушкан. Бирок мен мамлекеттин, элдин тагдырына зыян келе турган маселелерде өз позициямдан, принцибимден, көз карашымдан тайбай келгем. Азыр да тайбайм.

Уулумду президенттин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов 1,5 ай мурун чакырып кызматка алышкан. Кечээ күнү мен «Өлкөдөгү саясий абал» деген конференцияда Жер-Үй, «Камбар-Ата 1» ГЭС маселеси боюнча өз оюмду айткан соң, бүгүн уулумду жумуштан кетиришиптир.

Уулум, биздин үй-бүлө эмнени гана көргөн жок, силер сынбадыңар. Кандай гана кырдаал болбосун, менин саясий көз карашымды колдоп келдиңер. Ал үчүн мен сиздерге ыраазымын.

Ал эми Садыр Жапаровго айтаар элем, эч кимдин баласына тийбе, мындай «пастыкка» барба деп.
Мен тарабынан «Садыр, сага өз убагында айтылып жаткан чындыкты, сен экс-президенттердин кейпин кийгенде түшүнөсүң» деп айтам. Бирок аттиң, кеч болуп калат. Анткени алар да өз убагында менин жана башка күчтүү, таза саясатчылардын чындыкты айткан сөздөрүн, душмандын сөзүндөй кабыл алышкан», — деп жазылат экс-депутаттын билдирүүсүндө.