Мырзакматов кайра чет өлкөгө кетти

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов кайра чет өлкөгө кетти. Бул тууралуу журналисттерге жакындары билдиришкен.

Алардын айтымына караганда, Мырзакматов иштерине байланыштуу Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кетип, бирок жакын арада кайтат.

Жогорку Сот буга чейин Мелис Мырзакматовду ишинде кылмыш курамы жок деп актаган. Ал 7-октябрга караган түнү чет өлкөдөн Ош шаарына кайтып келген эле.