Надира Нарматова: «Бир депутат ант берүүгө да маасы, көлөч кийип келди. Аны айтсам, мага көлөч деген ат коюшту»

Бир депутат ант берүүгө да маасы, көлөч кийип келди. Бул тууралуу SUPERTV’нын «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова билдирди.

«Мен көрүп жаман болуп кеттим. Талкуу болуп жатканда айттым, дресс-кодду жазып коелу дедим. Болбосо, көлөч кийип келгендер көбөйүп кетпесин дедим. Ушул сөздү журналист кармап алыптыр. Анан көлөч деген ат коюшту. Талкуулашты. Хайп жасашты. Мен туура эмес сөз айткан эмесмин. Иретке келип калышты», — деди ал.