Нариман Түлеев: «2 миллиард сомду Райым күнөөсүн мойнуна алгандан кийин төлөтүшсө туура болмок»

“Коомчулук президентти жамандабасын деп көңүлдү өзүмө бурдуруп койдум. Матраимов феномен эмес”,- дейт Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Нариман Түлеев. Ал мындай пикирин СуперТВ телеканалында «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Кыргызстанда бир эле президент бар эмес да, андан башка деле эл бар. Кичине бир нерсени айтып, журналисттерге “бир нерсе” ыргытып коюп, ошону талкуулатып эрмектеп отурам. Албетте, бул туура эмес. Мен бүгүн менден маек алган журналист Майрашка да телефон чалдым. Экөөбүздөн тең кемчилик кетип калса керек. Карап койчу, жаздырууда башкача деп сүйлөштүк эле. Мен Райымбек Матраимовду тааныбайм. Өмүрүмдө Ошто биринчи жолу көргөм. Анда да өтүп баратсам саламдашты. Учураштым. Бирок ал экенин билген эмес экем. Анан жанымдагы балдар айтты Райым деген ушул деп. Бул биринчиден.

Экинчиден, маекте мен мындай деп айткам: “Атамбаевдин убагында бул жигит иштеген. Сооронбай Жээнбековдун убагында иштеген». Бирок Шарипович иштеген жок деп айтып жатат. Бирок мен билем иштеди. Көзөмөл кылды. Майраш феномен деди. Анан аны туурап мен да феномен деп коюптурмун. Ал негизи феномен эмес. Бирок эки президентти жеп аткан жигит феномен да, тарыхта мындай болгон эмес. 2 миллиард сом төлөгөн да тарыхта болгон эмес.

Азыркы бийлик албетте, төлөтүштү. Мурунку президент факт жок деп туруп алды. Райым өзү айтып жатат мен  күнөлүүмүн деп. Соттук процесс туура эмес болуп калды да. Эгерде Райымды алып келип, камашса. Анан сотто күнөөсүн мойнуна алгандан кийин 2 миллиард сом төлөтүшсө туура болмок», — дейт Түлеев.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрүп чыга аласыз.