Нариман Түлеев: «Азыркы президент сот системасында реформа жүргүзбөсө, бул система кайра өзүн жейт»

Азыркы президент сот системасын оңдошу керек. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда мурунку депутат Нариман Түлеев СуперТВ телеканалында «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

“Азыркы президент сот системасын оңдош керек. Сот системасын оңдомоюнча экономика көтөрүлбөйт. Бизнес жүрбөйт. Анткени бүгүн сот эмне кылып жатат. Бүт нааразычылыктар соттон чыгып жатпайбы. Сот системасын, УКМКны реформалоо керек. Муну кылмайын ушул эле система кайрадан эле бүгүнкү президентти кайра жейт. Бул киши отуруп келгенин эстеп, баарын көрүп карап туруп, өзүнүн жүрөгүн угуп туруп, анан реформага барышы керек. Албетте, баары эле сотту башкаргысы келет. Бирок адамдын тагдыры менен ойнош болбойт да. Адамдын тагдыры менен ойнобош керек”,— деди ал.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз.