Нариман Түлеев Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна «Ата-Журт» эмес, «Ак Бата» менен барат

Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелине белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Бишкек жана Ош шаарлары боюнча күрөш кайсы партиялар арасында жүрөрү ачыктала баштады. Буга чейин «Ата-Журт» партиясы менен шаардык кеңешке депутаттык шайлоого чыгып, мэрдик кресло үчүн күрөшөм»,- деп жарыялаган Нариман Түлеев «Ата-Журт» эмес, «Ак бата» партиясы менен барарын билдирди. Экс-мэрдин Сереп Медиа маалымат агенттигине билдиргени боюнча, ал буга чейин даярдап келе жаткан командасы менен, тизмеде биринчи болуп шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышат.

Бишкектин дагы бир мурдагы мэри шаардык кеңештин шайлоосуна ат салышары белгилүү болду. 25-февраль күнү «Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы» курултай өткөргөн. Ал курултайга Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов конок катары катышып, өзү депутаттык жарышка катышпай тургандыгын, бирок анын өкүлдөрү тизмеге кирерин билдирди. Демек, баш калаанын мэрдик креслосуна ал дагы күрөш жүргүзүшү толук мүмкүн.