Нарын облусунун административдик сотуна судья дайындалды

Судьяларды тандоо боюнча кеңеши президент Садыр Жапаровго Нарын облусунун административдик сотунун бош судьялык кызмат ордуна талапкер сунуштаган. Кошумча материалдар эске алынып, судьялык кызматка дайындоо боюнча кеңештин сунушун колдоду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Азис Кудайбергенов жергиликтүү соттун судьялык кызматына дайындалып, ал Нарын облусунун административдик сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.