Нарын шаарына Арслан Сталбек уулу мэр болуп шайланды. Анын өмүр таржымалы

Нарын шаарына Арслан Сталбек уулу мэр болуп шайланды. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 22-октябрда Нарын шаардык Кеңешинин VII сессиясында Нарын шаарынын мэрин шайлоо каралган. Мэрликке 2 жаран — Арслан Сталбек уулу жана Эмилбек Чымылдаков талапкерлигин коюшуп, сессияда өз программаларын тааныштырышты. Сессияга 31 депутат катышып, жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Арслан Сталбек уулу 16, ал эми Эмилбек Чымылдаковго 14 депутат өз добушун беришти.

Арслан Сталбек уулу 1990-жылы 2-апрелде Нарын шаарында туулган. 2008-2013-жылдары «Ала-Тоо» эл аралык университетинен билим алып, каржы жана насыя, банк иштери адистигине ээ болгон.

Иш тажрыйбасы:

— 2021-жылы «М.СТАРД» курулуш компаниясынын директорунун орун басары;

— 2020-2021-жылдары Муканбетов атындагы бетон заводунда башкы инженер;

— 2017-2018-жылдары «Азия банкынын» насыялык операцияларды текшерүү бөлүмүнүн адиси;

— 2016-2017-жылдары «Бакай банкынын» насыялык бөлүмүнүн башчысы;

— 2015-жылы «Бакай банкынын» насыялык эскперти;

— 2013-2015-жылдары KICB банкынын насыялык эскперти.

Үй-бүлөлүү, эки кыз, бир уулдун атасы.