Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри Курбанов Жаныш Абдухалилович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Ал 2021-жылдын 29-ноябрынан бери Нарын шаарынын мэри болуп келген. Ал эми буга чейин Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин биринчи орун басары кызматын аркалаган.