Нарын облусуна жаңы прокурорлор дайындалды

Башкы прокурор Курманкул Зулушев юстиция кеңешчиси Даир Эрмековду Нарын облусунун прокурору кылып дайындады. Бул кызматка ал өткөн жылдын ноябрь айында Башкы прокуратуранын жеке коопсуздук жана кызматтык иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган Таалайбек Касымбековдун ордуна келди. Эрмеков буга чейин Чүй облусунун прокуратурасынын улук прокурору жана  Жалал-Абад шаарынын прокурору болуп иштеген.

Ал эми Ат-Башы районунун прокурору болуп Бакирдин Жанузаков дайындалды. Ал буга чейин Баткен облусунун прокурорунун орун басары болуп иштеп келген.