Нарында Куланак ГЭСин куруу долбоору ишке ашырыла баштады

«Нарын» өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген коомуна өздүк каражаттарынын эсебинен Нарын дарыясында «Кубаттуулугу 100 МВт белгиленген «Куланак» ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо» долбоорун ишке ашыруу укугу берилди. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Куланак ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүгө багытталган. Долбоордук-сметалык документация боюнча Куланак ГЭСин куруу мөөнөтү 4 жылды, ал эми тосмонун бийиктиги 27 метрди түзөт. Куланак ГЭСин куруу долбоору «Ленгидропроект» АК тарабынан иштелип чыккан — гидроэнергетика жана суу чарба курулуштарын долбоорлоо жана өзгөчө татаал геологиялык аймактарда жана климаттык шарттарда гидротехникалык курулуштарды долбоорлоо жана курууну көзөмөлдөө боюнча кызматтардын толук комплексин көрсөтүү чөйрөсүндөгү эң эски орус долбоорлоо — изилдөө институту.

Нарын дарыясында жалпы орнотулган кубаттуулугу 6, 2 ГВт чейин болгон 30га чейин ГЭСти курууга болот.