Нарындын үч жетекчиси аттестациялоодон өтпөй калды

Нарын облусунун акимдерин жана алардын орун басарларын аттестациялоо иши жыйынтыкталды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аттестациянын жыйынтыгында комиссия Жумгал районунун акими Залкарбек Бозбалаевди, Ат-Башы районунун акиминин орун басары Динара Жунусованы, Нарын районунун акиминин биринчи орун басары Ишенбек Муканбетовду «ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт» деп тапкан.

Ал эми калган акимдер жана алардын орун басарлары ээлеген кызмат ордуна татыктуу экенин комиссия аттестациянын жыйынтыгында билдирген.

Учурда сынактын жыйынтыгы премьер-министрге жиберилген. Өкмөт башчынын кароосунан кийин аттестациядан өтпөй калган жетекчилердин кызмат ордунун чоо-жайы белгилүү болот.

Белгилей кетсек, район акимдерин жана орун басарларын аттестациядан өткөрүү иши 11-мартта Нарын облусунан башталганын буга чейин Мамлекеттик кадр кызматынан билдиришкен болчу.