Насыясын төлөй албай жаткан жарандарга жеңилдиктер берилеби?

Бүгүн, 25-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев пандемиянын кесепетинен өлкөдө экономикалык каатчылык жаралып, мындан улам көп жарандар алган насыяларын азыркы тапта төлөй албай жатышканын айтып чыкты. Анын негизинде Акаев өкмөткө кыйналып жаткан жарандарга жеңилдик берүү сунушун киргизди.

Пандемиянын кесепетинен чек аралар жабылды, доллардын куну өстү, азык-түлүк күндөн күнгө кымбаттап жатат. Өкмөттөн, банктардан, депутаттардан жардам сурап жүздогөн адамдар жүрүшөт. Алардын негизги эле суранычы пайыздык жеңилдик берүү. Улуттук банк буга тыкыр көзөмөл кылып, кыш мезгилине карата жеңилдиктерди берүүнү карап чыгышы керек”, – деди ал.

Ошондой эле Акаев, өткөнкү жылдын алты айында эле 150 миңден ашуун жаран насыя алганын кошумчалады.