Наталья Никитенко Финполдун 2021-жылга карата бюджетти толтуруу пландарын сурады

Депутат Наталья Никитенко кечээ парламенттик комитеттин отурумунда 2021-жылга карата бюджетти толтуруу үчүн Финполдун кандай пландары бар экендигин сурады. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Сыймык Жапыкеев кийинки жылга чоң пландар бар деп жооп берди.

“Учурда биз изилдеп жаткан көптөгөн схемалар бар. Биз ушул коррупциялык схемаларды жоёбуз. Бардык коррупциялык элементтерди, алар чынында көп, ошонун баарын бүгүн биз иликтеп жатабыз. Эми Финпол башкача иштейт, 1-2 айдан кийин анын жыйынтыгын өзүңүз көрө аласыз. Бюджетти толтурабыз”, — деди ал.

Вице-премьер Максат Мамытканов учурда Финполдун алдында стратегиялык пландоо милдети турат деп билдирди. «Алар коомго коррупцияга каршы күрөш жүрүп жаткандыгын көрсөтүшү керек», — деп кошумчалады ал.