Новиков «Чалдоварга» барып, айрым кызматтардын ишине нааразы болду

Товарлардын толук эсебин камсыз кылуу үчүн «Жыйынтыктоочу пост» бирдиктүү маалымат тутумун түзүү керек. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков «Чалдовар» өткөрүү пунктуна барганда билдирди.

«Акыркы жылдары контрабандага каршы күрөшүү жөнүндө көп айтып жатабыз. Эсепке алынбаган продукт таза иштеген ишкерлерге чоң көйгөйлөрдү жаратат. Бүгүнкү күндө өкмөттүн негизги милдети болуп бирдиктүү салык, бажы, чек ара жана салмак-габарит тутумун түзүү болуп саналат.  Тагыраак айтканда, тегиз эсепке алуу боюнча бирдиктүү тутуму түзүлүшү керек. Мунун негизинде биз бюджеттин киреше бөлүгүндө салыктык кирешелерди эсепке алууну гана түзбөстөн, ири импортёрлорго тең атаандаштыкты камсыз кылуу менен ички рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк түзө алабыз», — деди Артем Новиков.

Көзөмөл-өткөрүү жайын карап чыгып, өкмөт башчынын милдетин аткаруучу айрым кызматтардын ишине нааразылыгын билдирди.

«Ушул убакка чейин даярдалган чаралардын эч бири иштебей жатканына ынандык. Мисалы, салык кызматына 15-ноябрдан баштап товарларды эсепке алуунун пилоттук тутумун киргизүү боюнча
конкреттүү тапшырма берилген. Бирок жабдуулар  орнотула электигин көрдүк. Бардык техника үкөктөрдө салынган бойдон турат. Бул тиешелүү кызматтардын толук аракетсиздиги. Бүгүнкү күндө товарлардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөгөндөрдүн ар биринин маалыматтары ар кандай. Алар өткөн транспорт каражаттарынын чыныгы санын чагылдырбайт. Маалыматтар так болбогондуктан, өткөн күндөгүлөрдү алуу мүмкүн эмес. Тутумдун иштебей калгандыгынан улам, товарларды эсепке алуунун реалдуу маалыматтары чагылдырылбайт, бул коррупцияны жана тобокелчиликтерди жаратат», — деди Новиков.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучунун тапшырмасы боюнча коюлган тапшырмаларды аткарбаган адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт. Ошол эле учурда жакынкы күндөрү Артем Новиков өткөрүү пунктуна дагы келип, жаңы системанын иштешин текшерет.