Новиков донорлордон жардам сурады

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту.

«Президенттик шайлоонун алдында Кыргыз өкмөтүнүн жана бийликтин бардык институттарынын ишинде сиздин колдооңузга ишеним билдиребиз», — деди Новиков. Пикирлешүүнүн жүрүшүндө Кыргыз өлкөсүнүн коронавирус пандемиясынын кесепеттерин басып өтүүсүнө көмөк көрсөтүү жана кызматташуу боюнча маселеси талкууланды. «Бюджеттик мүмкүнчүлүктөр чектелүү. Ошону эске алып, сиздерден пандемиянын шартында ата мекендик ишкерлерге тийиштүү колдоо көрсөтүүнү карап чыгууга чакырам», — деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Озонниа Ожиело өз кезегинде Кыргыз Республикасына мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.