Новиков коронавирус өлкө экономикасына олуттуу таасирин тийгизгенин айтат

Коронавирус инфекциясы жана анын кесепети өлкө экономикасына олуттуу таасирин тийгизди. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков өкмөттө өткөн жыйында билдирди.

«2020-жылдын 10 айындагы расмий маалыматтар боюнча экономикалык төмөндөө 7,4 пайызды түздү. Ошондой эле салык жана бажы кирешелеринин азайышынан улам, бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн каржыланбай калуу коркунучу турат. 2020-жылдын аягына чейин бюджеттин пландаштырылган киреше бөлүгүнүн аткарылышы үчүн фискалдык тобокелдиктер бар. Пандемия жергиликтүү  ишкерлердин ишине терс таасирин тийгизди», — деди Новиков.