Новиков «Кызыл-Бел — Автожол» жана «Кайрагач — Автожолдун» иши менен таанышты

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында пландаштырылган графиктен тышкары «Кызыл-Бел — Автожол» жана «Кайрагач — Автожол» өткөрүү пунктунун иши менен таанышты.

Аталган өткөрүү пункттарын көрүүдө инспекциялык текшерүү комплексинин жана видео көзөмөл тутумунун ишиндеги айрым кемчиликтер аныкталган.

Жыйынтыгы боюнча Новиков Бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеевге ыкчам топ түзүп, аталган өткөрүү пункттарына толук текшерүү жүргүзүү үчүн жөнөтүү тапшырмасын берди.