Новиков менен Жапыкеев “Торугартка” барды

Чек ара аркылуу товарлардын автоматташтырылган эсеп тутуму аркылуу өтүүсү коррупциялык тобокелдиктерди кыскартат. Бул туурасында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Нарын облусундагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктуна барганда билдирди. Жөнөкөйлөтүп айтканда, бажыда инспектордун кийлигишүүсү аз болсун, баары жаңы технологиялар менен автоматташтырылган система аркылуу болсун деди. Бул иш сапарда чогуу жүргөндөрдүн катарында Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев да болду.

Анын айтымында, эки айдан ашуун убакыттан бери кытай тарап менен чек ара аркылуу транспорттук каражаттарды өткөрүү көлөмүн жогорулатуу боюнча бир нече ирет сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. «Жакын арада кытай тарап «Эркечтам – Автожолдун» өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу тууралуу макулдашууну тастыктады, ага ылайык, көзөмөл-өткөрүү пункту күн сайын 12 сааттан, анын ичинде дем алыш күндөрү да иш алып барат. «Торугарт» боюнча абал бир аз башкача. Мында бийик тоолуу аймак болгондуктан, кыргыз тараптын дезинфекциялоону камсыздоо боюнча инфраструктураны кайда жайгаштыруу боюнча орун, жүк ташуу көлөмүн жогорулатуу максатында чек арадагы товарларды кайра жүктөөнү камсыздоочу аянттарды карадык. Ушул жылдын соңуна чейин борбордун ачылышына күбө болобуз деп ойлойм», — деди Новиков.

«Торугарт» коронавирус илдетине байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам дээрлик 10 айдан бери мурдагыдай иштебей турат. Мунун айынан буга чейин “Дордой” базарынын соодагерлери бир канча жолу митингге чыгышкан эле.