Новиков: «Саламаттыкты сактоо тармагын модернизациялоо керек»

Саламаттыкты сактоо тармагын модернизациялоо керек. Мындай пикирди премьер-министрдин жана биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков саламаттыкты сактоо маселелери боюнча өткөрүлгөн жыйын учурунда билдирди.

 “Коомчулукта саламаттыкты сактоо тармагынын ишине байланыштуу көптөгөн суроолор пайда болуп жатат. Андан тышкары, дары-дармекти бөлүштүрүү департаментинин ишине байланыштуу маселелер да ачыкталууга тийиш”, — деди Новиков.

Буга чейин пандемия учурунда кетирилген каталарды иликтөө боюнча топ түзүлүп, жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгы Артем Новиковго өткөрүлүп берилген.

Анда пандемия жогорку чекке жетип турган мезгилде саламаттыкты сактоо тармагынын айрым өкүлдөрү жана мамлекеттик чиновниктер тарабынан өлкөгө алынып келинген гуманитардык жардамдарды, аймактык ооруканалардын имаратын максатсыз пайдалануу, дары-дармектерди кымбаттатып сатуу сыяктуу фактылар чогулгандыгы айтылган болчу.