Новиков: «Ысык-Көлдө инвесторлорго жер тилкелерин бөлүү чечилбей келет»

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кеңешме өткөрүп, ага өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, шаарлардын мэрлери, райондордун жана облустук мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышты.

«Ысык-Көл облусундагы бир катар өнөр-жай ишканаларын кыдыруу мисалында биз инвесторлор өз көйгөйлөрү менен, мамлекеттин тийиштүү колдоосуз калып жаткандыгына күбө болдук. Алар өз өндүрүшүн кеңейте албайт, анткени, жер тилкелерин бөлүү маселеси чечилбей келет. Бизнестин өнүгүүсү үчүн аянтчалар жетишпейт. Инвесторлор жергиликтүү бийлик органдарынын колдоосуна муктаж», — деди Новиков.

Жолугушууда жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларына кыш мезгилинде электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, туристтик жайларда коопсуздукту камсыз кылуу, социалдык милдеттенмелерди толугу менен аткаруу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.