Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 27-январдагы жыйында вице-спикерди шайлашты. Бул кызматка Нурбек Сыдыгалиев («Ата Мекен») менен Улан Исмаилов («Өнүгүү-Прогресс») сунушталган.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында Нурбек Сыдыгалиев («Ата Мекен») 77 добуш топтоду. Ал эми Улан Исмаиловдун («Өнүгүү-Прогресс») талапкерлигин 38 депутат колдоду.
Буга чейин вице-спикерлик кызматты Мирлан Бакиров («Өнүгүү-Прогресс») ээлеген. Ал өз каалоосу менен кызматын тапшырган болчу.