Нурдан Орунтаев: «Президент Оштогу курулуштун баарын аягына чыгарууну тапшырды»

Бүгүн, 17-мартта курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен биргеликте жеке курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, анда актуалдуу маселелер талкууланып, куруучулар тарабынан коюлган суроолорго жооптор берилди. Жолугушуунун жүрүшүндө белгиленгендей, мэриянын жетекчилиги алмашкандан кийин шаардагы бир катар объектилерде көйгөйлөр ачыкка чыккан. Тактап айтканда, бизнес өкүлдөрү мурда оозеки келишимдер түзүлүп, ушул күнгө чейин каражаттарын ала албай жатандыгын билдирген.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, министрлик бул кырдаалды жеке көзөмөлүнө алып, курулуш компанияларынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелерди ар тараптуу кароодо. “Ош шаарындагы бардык курулуш объекттери аяктап, мэриянын карамагындагы объекттер Курулуш министрлигинин түз көзөмөлүнө өткөрүлөт. Президенттин атайын тапшырмасына ылайык, курулуш компанияларын каржылоо маселелери республикалык бюджеттин эсебинен чечилет”, — деди Нурдан Орунтаев.
Бүгүнкү күндө мэриянын карамагындагы 34 объект аныкталып, алар боюнча зарыл болгон уруксат берүүчү документтер жок экени белгилүү болду. Курулуш иштери долбоорлоо менен катар жүргүзүлгөнү аныкталып, бир да объект боюнча документтер толук көлөмдө таризделбегени белгиленди. Жолугушуунун соңунда министр тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бардык зарыл чечимдер кабыл алына турганын баса белгиледи.