Нурланбек Шакиев менен Өзбекстандын президентинин 17 жылдан кийинки жолугушуусу (сүрөт)

Кечээ, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандагы расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн президенти Шавкат Мирзийоев менен жолугушкан.

Төраганын маалымат катчысы социалдык тармактагы баракчасына бул экөөнүн 17 жылдан кийинки кайра жолугушуусу экенин билдирди. «2006-жылы Шавкат Мирзийоев Өзбекстандын премьер-министри болсо, Нурланбек Шакиев президенттин басма сөз катчысы эле. Тагдырдын буйругу. Бүгүн эки инсан кайрадан жолугушуп, кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты», — деп жазды ал.