Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева кызмат ордунан бошотулду. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулган.