Нуржигит Кадырбеков: «Артыңарда бир монстр турат деп айтылып жатат, ошол чынбы деп сурадым»

«Ыйман Нуру» партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков «диний тематиканы саясатта колдонууга өтө каршымын» дейт. Мындай пикирин ал СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Ыйман Нуру» партиясына чакырышканда 3 нерсени сурадым. 1. Араңарда кара дүйнөнүн, криминалдын өкүлдөрү жокпу деп. 2. Шайлоодо акча таратпайсыңарбы деп, анткени аларды каражаттуу, ошого акча таратууга аракет кылса керек деп ойлодум. 3. Артыңарда бир монстр турат деп айтылып жатат, ошол чынбы деп сурадым. Ушул суроолорума жок деген жооп алган соң анан партияга кошулдум. Кошулган соң мени төрага кылып шайлап коюшту. Ошол ойлонуп жаткан учурумда «Ихластын» кожоюну Нурбек Осмонов, аны ээрчип бир топ адам партиядан чыгып кетишти. Саясаттан эч кандай пайда таппадым, жардам деле көрбөдүм. Кийин эмне болгонун угарсыз, батаңызды бериңиз деп эле кетип калды. Өзү айтпаган соң себебин мен да такып сураган жокмун. Атаандаш партиядан кысым болуп жатат дегени учурда коррупцияга байланыштуу аты чыгып жаткан адамдардын партиясы болчу. Алар партиядан чыгып кеткен соң жеке өзүбүзгө, элдин батасына гана ишенип калдык»,- деп эскерет ал. Партиянын аталышы тууралуу кебин улаган ал «мен диний тематиканы саясатта колдонууга өтө каршымын. Бизди аталышыбызга карап молдоке дегендер жаңылышат»,- дейт.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу табасыз.