Нуржигит Кадырбеков: «Бийлик оюнунда интригалардын курмандыгы болуп калыш оңой»

Мурдагы маалымат, маданият жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. Өткөн жылы күзүндө өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоо алдында аны бийликтин «Биримдик» партиясына чакырышканын айтат. «Кабыргам менен, жакындарым менен кеңешип көрүп, аягында жүрөктөн чыккан чечимди кабыл алып, ал партияга кошулуудан баш тарттым. Азыр айтып койсо оңой көрүнүшү мүмкүн, бирок ошол маалда мындай кабамга барыш кыйын иш эле. Мен аны тамашалап Конор Макгрегор Хабибдин муунтканынан чыгып кеткенине кубангандай кубандым деп айтып калам»,- дейт. Ошондой эле бийликтеги интригалар темасына токтолгон экс-министр «бийликте чоң-чоң интригалар бар. Ордо оюну деп бекеринен айтылбайт да. Бийлик оюндарында интригалардын курмандыгы болуп калыш оңой»,- дейт.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрүңүз.