Нуржигит Кадырбеков: «Чыңгыз Айдарбековдун ордунда болсом, мен деле кол коймок эмесмин»

10 күн мурда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Кемпир-Абад Өзбекстанга өтө турган макулдашуунун долбоорун карап, добуш беришкен. Бирок бул чечимге ошондон бери комитеттин төрагасы болгон Чыңгыз Айдарбековдун кол койбой жатканы талкуу болуп жатат. Бүгүн ал комитет төрагалыгынан алынды. Мындан улам, бул тартыш маселенин тегерегинде депутаттарга суроо бердик.

Депутат Нуржигит Кадырбеков Чыңгыз Айдарбековдун ордунда болсо кол койборун айтты. «Тарыхта, урпактардын алдында колумдун калышын каалабайт элем. Бирок ошол эле мезгилде төрагалык кызматтан кетпештин да айласын издемекмин. Анткени бул болгону мыйзамдуу иш кылып жатат», — деди ал.