Нуржигит Кадырбеков: «Казино боюнча мыйзам өтүп кеткенде стресс болдум»

«Депутаттын кеңсесинде конокто» рубрикабыздын кезектеги каарманы Нуржигит Кадырбеков жана анын кабинети болду. Бул анын Ак Үйгө келгени экинчи кабинети жана анын башкалардан айырмаланып ашканасы бар.

«Айрым мыйзам долбоорлорго добуш берүү өтө оор болду. Анын ичинде казино боюнча мыйзам долбоору бар. Мен кесиптештеримди ынандыра албай койдум. Стресс болдум. Жалгыз отуруп, кыжаалат болгон учурлар болду. Эми ар ким өз добушун берди. Кесиптештер арасында мунун кандай туура эмес экенин түшүнбөгөндөр да болду», — деди ал.