Нуржигит Кадырбеков Кемпир-Абад боюнча каршы добуш бергенин айтып, комментарий берүүдөн баш тартты

Кечээ, 10-октябрда Жогорку Кеңештин комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбооруна макулдук берди.

Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбековдун айтымында, комитет маселе боюнча макулдугун берди. 6 депутат колдосо, 4 депутат каршы добуш беришти.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги депутат Нуржигит Кадырбеков менен байланышканыбызда, каршы добуш бергенин айтты, бирок себебине түшүндүрмө берүүдөн баш тартты. «Ооба, каршы добуш бердим. Комментарий берүүдөн баш тартам», — деди ал.