Нуржигит Кадырбеков: «Кеңсенин абалы маанилүү. Андай эмес десем жалганчы болуп калам»

«Депутаттын кеңсесинде конокто» рубрикабыздын кезектеги каарманы Нуржигит Кадырбеков жана анын кабинети болду. Бул анын Ак Үйгө келгени экинчи кабинети жана анын башкалардан айырмаланып ашканасы бар.

«Кеңсенин абалы маанилүү. Маанилүү эмес десем жалганчы болуп калам. Бирок «ал жакка барбайм, бул жакка барбайм» дебейм. Комиссия бөлүштүргөндө менин бөлмөм башка жакта болчу. Ал жакка башка депутат кирип алыптыр, анан жакалашамбы? Адамдын көңүлү андан кымбат. Андан да жакшы бөлмө туш келди. Жакшы, жагымдуу, кенен, ыңгайлуу болсо, андан да жакшы. Бул кеңсе кандай болсо, ошол бойдон кирдик. Ак Үйдү өрттөп кеткенден кийин депутаттар өз акчасынан жасатып, анан киришкен экен. Мен өзүм минимализмди жакшы көрөм», — деди ал.