Нуржигит Кадырбеков: «Көп тилди бил, бирок кыргыз тилин унутпа»

Парламентте учурда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү» конституциялык мыйзам долбоору кызуу талкууланып жатат. Анын алкагында бир-эки маанилүү жагдай көтөрүлүүдө. Мындан улам депутаттардын позициясын билип көрөлү деп чечтик.

«Азыр мамлекет экономикалык жактан күчтөнүш керек. Эл аралык статутубуз бийиктесе, анан көтөрө турган маселе да. Өзүбүздүн акыбалыбыз ушул болсо… Мен айтат элем, биз кыргыз тилине өтө көп көңүл бурушубуз керек. Көп тилди бил, бирок кыргыз тилин унутпа. Тилди жоготсоң, улутуңду да, маданиятыңды да жоготосуң», — деди депутат Нуржигит Кадырбеков.