Нуржигит Кадырбеков кылмыш дүйнөсүнө болгон күрөш боюнча: «Тойдо капыстан чогуу болду дешкен»

Бийлик кылмыш дүйнөсүн түп тамырынан жок кылууга киришкенин жарыялады. Бир аптадан бери орун алып жаткан окуяларга депутаттар кандай баа беришет жана мындан ары күрөш ийгиликтүү уланышы үчүн дагы кандай кадамдар керек деп эсептешет? «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.

«Мен анализдеп көрүп жатам. Сиз билгенден көп билбейм. Сценарийи биз ойлогондон да татаалбы деп жатам. Бийликтин кылмыш дүйнөсүнө чечкиндүү согуш жарыялай турган убактысы мурда эле келген. Ачык болсо, аларды табыш оңой эле. Кой терисин жамынган карышкырлар бар да. Кеп ошолордо. 

Эмнеге күрөш азыр башталды. Кечээ эле тойдо капыстан чогуу болуп калды деген маалыматтар болуп жаткан. Башка оюнчулар, үчүнчү тарап жокпу? Ойлоно турган маселе. Ал эми көрүнүштү караганда туура эле», — деди ал.