Нуржигит Кадырбеков нике шакеги тууралуу: «Көнө албай жүрөм, бирок мага жубайымдын көңүлү маанилүү»

«Депутаттын кеңсесинде конокто» рубрикабыздын кезектеги каарманы Нуржигит Кадырбеков жана анын кабинети болду. Бул анын Ак Үйгө келгени экинчи кабинети жана анын башкалардан айырмаланып ашканасы бар.

«Башында нике шакекке көнө албай жүрдүм. Азыр деле алып койгум келет. Бирок мага жубайымдын көңүлү маанилүү. 1-2 жолу жоголуп кетти, жубайым өзү барып сатып келди. Аялым социалдык тармактардан карайт экен да. Видео көрүп отуруп, «агайдын шакеги жок го, үй-бүлөсү барбы?» деген суроолорду окуп калыптыр. Жүрөгүн оорутпаш үчүн тагынып жүрөм», — деди ал.