Нуржигит Кадырбеков Октябрь окуясы боюнча: «Элдин көзүнөн от, мурдунан түтүн чыгып калганы көрүнүп турду»

Мен аянтка экинчи жолу чыгып сүйлөгөндө, «саясий маданиятты көрсөтөлү, провокация болбосун, кан төгүлүп кетпесин» дедим. Анткени 7-Апрелдеги окуялар эсте турат. Бул тууралуу мурдагы Маданият министри Нуржигит Кадырбеков СуперТВ телеканалындагы Октябрь окуяларына байланышкан эфиринде билдирди.

«Бирок элдин көзүнөн от балбылдап турганы көрүнөт экен. Бирөө айткандай, көзүнөн от, мурдунан түтүн чыгып калганы көрүнүп турду. Ошондо эле түшүндүк. Шыкмаматов айтты окшойт «эл кайра кайтпайт го» деп. Чын эле ошондой болду», — деди ал.