Нуржигит Кадырбеков: «Октябрь окуясында көз жумган Үмүттү эстегенде жүрөгүм эңшерилет»

Октябрь окуясында көз жумган Үмүттү эстегенде жүрөгүм эңшерилет. Бул тууралуу мурдагы Маданият министри Нуржигит Кадырбеков СуперТВ телеканалындагы Октябрь окуяларына байланышкан эфиринде билдирди.

«Ошол жакта канчалаган жаш жигиттер жүрдү. Канчасы жараат алды. Мунун баары өкүнүчтүү. Ошол күнү бизден (ред. «Ыйман-Нуру» партиясынын өкүлү) бирөө жаракат алды. Аны штабга жеткирген соң, мага чалды. Эң кызыгы ал Арген деген жигит мага унаанын эшигин ачып берип, мен отургандан кийин эшикти жабаар менен жаракат алыптыр. Башында эле бардыгына айткам «кырсыктан тыш» бололу деп. Кан төгүү, күч колдонуу чындыгында оюбузда жок болчу», — деди ал.