Нуржигит Кадырбеков: «Сооронбай Жээнбековдун аялы менин тууганым эмес»

Экс-министр, «Ыйман Нуру» партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков СуперТВ каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. «Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун өзүнө, жубайы Айгүл эжеге да эч кандай тууганчылыгым жок. Болгону аялы менен айылдашмын. Эл деген эл экен да, айтса ишене бере турган. Шайлоодо ушул нерсе мени бир кыйла белге тепти. Акыры 9 атама чейин санап бердим. Эми биринчи леди да 9 атасын санап берсин. Аталарыбыз бир эле жерден кезигишсе мен кетейин дедим»,- дейт ал.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу табасыз.