Нуржигит Кадырбековдун Маданият министри кызматынан кетишин талап кылышууда

Жарандык көзөмөл комитети Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун ээлеген кызматынан кетишин талап кылышууда. Комитет мүчөлөрүнүн айтымында, министр адам укугун бузуп жатат. Нуржигит Кадырбеков ырчылар Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин чыгармаларын министрликке караштуу медиа борборлор аркылуу чыгарбоо көрсөтмөсү берилгенин, анын биринен наамынан ажыратуу сунушу президентке берилерин айтты. Министрдин билдирүүсү өлкөнүн эгемен тарыхында мыйзамдарды бузуу боюнча коркунуч туудурган, чектен чыккан жана мурун болуп көрбөгөн болуп саналат. Адепсиз сөздөр артисттерге жана маданий ишмерлерге каршы репрессия кылууга негиз боло албайт. Анткени моралдык тарбия бул мамлекеттин милдети эмес”, — деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин ырчы Курал Чокоевдин долбоору коомчулукта басымдуу бөлүгү нааразычылыктан турган кайчы пикирди жараткан. Кийин чуу жараткан берүүнүн автору элден кечирим сурап, долбоорду жапканын билдирген.